
Кара-Суу районундагы мектеп окуучуларына өрт кырсыгы боюнча маалымат берилди. Райондук өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн адистери Наримандагы “Билим” мектебинин окуучуларына өрт чыккан учурда кандай чараларды көрүү жолдорун үйрөтүштү.
Ошондой эле күйүүчү каражаттар менен ойнобоо керектигин эскертишти.
Иш-чарада окуучулар өздөрү да тилсиз жоо боюнча атайын көрүнүштөрдү атакарышып, өз даярдыктарын көрсөтүштү.
Кара-Суу районунда жыл башынан бери (4 ай ичинде) балдардын катышуусунда 8 өрт кырсыгы катталган. Алардан келтирилген зыян 780миң сомду түзгөн. Адистер өрт кырсыктарынын дээрлик баары өспүрумдөрдүн маалыматынын жоктугунан келип чыгат.
- 27.04.2017