Кара-Суу: окуучулар жаш тескөөчүлөрдүн ролун аткарышты

21-апрелде Кара-Суу районуна караштуу мектептер арасында “Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү” сынагы өттү.  Иш чараны Кара-Суу РИИБнин ПМ бөлүмчөсү райондук билим берүү башкармалыгы менен бирге уюштурган. Бул тууралуу “Ынтымакка” райондук ПМ бөлүмчөсүнөн кабарлашты.

Аталган сынакка 7 мектептен бирден команда катышышты. Алардын ар бирине жол эрежеси боюнча дубал газеталарды даярдоо тапшырмасы берилген.

 “Сыныктын максаты – жаш өспүрүмдөр арасында жол кырсыктарынын санын азайтуу, алдын алуу”, – деди Кара-Суу РИИБнин ПМ бөлүмчөсүнүн үгүт үндөө тескөөчүсү Мелис Тургунбаев.

Сынакта окуучулар сапта жүрүнүн эрежелери, светофор өчүп калган учурда унааны жөнгө салуу боюнча эрежелерди көргөзүштү. Ошондой эле жол эрежеси боюнча суроолорго жооп беришти.

Жыйынтыгында №44 Сматов орто мектебинин “Ак жол” командасы биринчи орун, № 100 Кызыл Кыргызстан орто мектебинен келген “Үч жарык” тобу экничини багындырып, № 73 Токтогул Сатылганов орто мектебинен түзүлгөн “Светафор” командасы үчүнчү орунду ээледи.

Аларга РИИБ тарабынан диплом, медалдар, кубок жана кызыктыруучубелектер тапшырылды. Биринчи орунду алган команда май айында облустук денгээлде өтүүчү “Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү” сынагына катыша алат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.