Кара-Суу: Миялы айылындагы окуучулар контейнерде билим алып жатышат

Райондун Сарай айыл өкмөтүндөгү Миялы айылынын башталгыч классынын окуучулары контейнерде билим алышууда. Алар буга чейин окуган имарат жер көчкү түшүү коркунучу бар аймакта жайгашкандыктан ага кирүүгө тыюу салган.

№ 54 Миялы толук эмес орто мектебинин мугалими Буалима Кудайбердиеванын айтымында, учурда башталгыч класста 21 гана окуучу билим алат. Калган ата-энелер балдарын коңшу айылдарга окута башташкан. Шарты туура келбегендердин балдары гана контейнерде окууга аргасыз болушууда.

“Окуучуларга шарт түзгөнгө аракет кылып, жабдыктарды койгонбуз. Бирок суук түшкөндө контейнерде окууга болбой калат. Окуучуларга кабатырланып жатканыбыз менен мындай окутуу канчага чейин уланары белгисиз”, – деди аталган мектептин мугалими Жазгүл Ысманова.

Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мурзабек Ахматалиевдин айтымында, кенже класстардын мектеби жер көчкү коркунучунан улам жабылган. Имарат чейрек кылым мурда ашар жолу менен түптөлгөн. Учурда эскилиги жетип, жаракалар пайда болгон. Азыркы тапта жергиликтүү бюджеттен чакан мектеп курууга аракет көрүлүүдө.

Башталгыч класстагы окуучулар төрт чакырым алыстагы мектепке каттап жаткандыктан, айыл өкмөт маршруттук каттам уюштурууну пландап жатат.  Жалпысынан Кара-Суу районунда 128 мектеп бар. Райондогу окуучулардын саны 68 минди түзөт. Учурда райондо 22 мектептин курулушу жүрүп жатат. 4 мектеп кышка чейин пайдаланууга берилүүсү күтүлүүдө.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.