Кырк жылдан бери жолу оңдолбогон керметоолуктар пикетке чыгышты

Эки миңдей адам жашаган айылдан жүздөй өкүл 10-апрелде нааразылык акциясына чыкты.  Керме-Тоодон Ошко чейинки 6 чакырым жолго 40 жыл мурун төшөлгөн асфальттан азыр эч нерсе калбады. Жыл сайын жергиликтүү бийлик шагыл төшөгөн менен катуу жаан аны заматта сүрүп кетет.  Керметоолуктар болсо шагылга жыл сайын кеткен акчага эмгиче асфальт төшөлүп калмак деп нааразы болушат.  

Асан Арзибаев Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштай айыл өкмөтүндөгү Керме-Тоо айылынан Ош шаарына жүргүнчүлөрдү ташыйт. Ал күнүнө шаарга эки-үч ирет каттайт. Бирок жолдун  начардыгынан унаасын ар он күндө оңдотуп турат. Бир күн дөңгөлөктөрүн алмаштырса, экинчи күнү начар жолдон башка тетик иштен чыгат. Бул көйгөй Арзибаевге окшош  айдоочулардын баарын түйшүккө салат.

Керме-Тоодон шаарга чейинки тамтыгы чыккан жолдун жалпы узундугу 6 чакырымды түзөт. Маселени чечип берүү үчүн тургундар бир канча жолу айыл өкмөткө кайрылышкан. Жергиликтүү бийлик  жолго шагыл төгүү менен абалды убактылуу жөнгө салат. Бирок жаан-чачындан кийин ал эски калыбына келет.

Апрель айынын башындагы жамгыр жолдогу шагылды сүрүп кетип, айылдыктарды кайрадан түйшүккө салды. Алгылыктуу жооп издеген эл кайрадан айыл өкмөттүн алдына нааразылык акциясына чыгышты. Жүз адамдан турган топ бийликке жолду оңдоп берүү талаптарын коюшту.

“1977-жылы жолдун баарына асфальт төшөлгөн. Андан бери мен ушул айылда туруктуу жашайм. 20 жылдан кийин жол бузула баштады. Бийлик бир гана шагыл төшөө менен алектенет. Кайрылсак, каражатттын жоктугун шылтоолошот. 10 жылдан бери шагыл төккөн акчага асфальт төшөсө деле болмок. Айыл өкмөткө дагы кайрылдык. Натыйжалуу жооп беришкен жок”,-деди Керме-Тоо айылынын тургуну Боронбек Айтматов.

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Шарабидин Капаровдун маалыматында, айыл өкмөттүн жолун оңдоо үчүн буга чейин Транспорт жана жолдор министрлигине билдирүү жиберишкен. Бул боюнча 2012-жылы сметалык долбоор да даярдалган. Ага ылайык аймактагы 22 чакырым жолду оңдоо керектиги белгиленген. Анын ичинде керметоолуктар нааразы болуп жаткан жол дагы бар. Долбоор иш жүзүнө аша баштагандан бери 3 чакырым жол гана оңдоодон өткөн.

“Каттамдын абалын жакшыртуу үчүн 5 жыл мурун өкмөт менен министрликке кайрылганбыз. 2012-жылы бөлгөн каражатка айыл өкмөттөгү 3 чакырым жол оңдолду. Калган каттамдарды да жакшыртуу жана керметоолуктардын талабын аткаруу үчүн бийликке дагы кайрылуу жолдойбуз. Каражат бөлүнсө гана тургундардын талабы аткарылат. Айыл өкмөттө оңдоп-түзөө үчүн каражат жок”,-деп белгиледи  Капаров.

Керме-Тоо айылынын тургундарын жолдун начардыгынан сырткары бала бакча менен таза суу маселеси да түйшөлтүп келет. Жашоочулардын бул эки көйгөйүнө 2014-жылы “Ынтымактын” “Өнүт” программасы кайрылып, маселени бийликке жеткирүүгө аракет жасаган. Программага катышкан тургундар айылда суу токтоп калгандыктан, кошуна Коммунист айылынан ташып ичүүгө аргасыз экенин белгилешкен.

Алар сууга болгон төлөмдөрду өз убагында беришээрин, бирок таза сууну ташып ичип жатышканын айтып нааразы болушкан. Айыл өкмөт жетекчилиги болсо керметоолуктарды суу менен камсыз кылган скважина бузулуп калгандыктан, суу көйгөйү жаралып жатканын билдирген.

Бир жыл өтпөй,  2015-жылы айылдыктар жолдун начардыгын айтышып, кайрадан “Өңүт” программасына кайрылышкан. Мында айыл өкмөт Транспорт жана жолдор министрлигинен Кызыл-Кыштактын жолуна бөлүнгөн каражат башка аймактын каттамын оңдооого жумшалып кеткенин айтышып, 2016-жылдан маселе чечилип калат деп убада беришкен. Бирок арадан бир жыл өтсө дагы оңдоп-түзөө иштери баштала элек. Керметоолуктар 10-апрелдеги нааразычылык акциясында дагы жогорудагыдай эле жооп алышты.

Айыл өкмөт жетекчилиги болсо жакынкы аралыкта өкмөт менен министрликке билдирүү жөнөтөөрүн, каржы бөлүнгөндө гана жолду оңдоо иштери башталаарын белгиледи. Бирок качан кат жолдонуп, оңдоо жумуштары качан башталаары азырынча белгисиз.

Кыргызстанда каржы тартыштыгынан жыл сайын асфальтталган  200 чакырым жол жарактан чыгат. Өлкөдөгү жалпы жолдордун жарымы же 9600 чакырымы өтө начар же начар абалда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.