Кара-Суу: кыргызчектиктер булганган суу ичип жатышат

Кара-Суу районунун Кыргыз-Чек айылынын тургундары булганган суу ичип жатышат. Анткени суу куурлары бир жыл мурун казылып, ошол боюнча калып кеткен. Жергиликтүүлөрдүн маалыматында, аймактагы ооруканага суу чыкпай, текшертүү үчүн техникалардын жардамы менен ачтырышкан. Мунун айынан ал жерлерге таштандылар толуп, суу булганып жатат. Оорукана жетекчилиги болсо бул маселеге тиешеси жок экенин белгилейт.

Тургундардын маалыматында суу куурлары оңдолбой калып кеткен жерге таштандылар толуп калган. Акыр-чикир чогулган жердин түбүнөн суу агып өтөт. Аны аймактын тургундары ичүүчү суу катары колдонушат.

“Бир жыл мурун ооруканабыздан суу чыкпай, бул жердеги суу түтүктөрүн казып көрүшкөн. Ошол боюнча ондолбой калып кетти. Азыр ал жерде таштанды толуп, андан биз суу ичип жатабыз. Булганган суу ден соолукка зыянын тийгизет”,-деп белгиледи Кыргыз-Чек айылынын тургуну Шайыргүл Нуркулова.

Ош шаардык суу канал ишканасынын өкүлдөрү өздөрүнө караштуу куурларды каздыргандан соң, жаңыланган деп белгилешүүдө. Кара-Суу райондук Курманжан Датка ооруканасынын башкы дарыгери Айымкан Маматаированын айтымында, тургундар айткан түтүктөрдү каздырышкан эмес.

“Оорукана бир жылдан ашуун убакыттан бери Ош шаардык суу канал ишканасынын эсебинен таза суу колдонот. Себеби ага чейин ооруканага келчү ичүүчү сууну жергиликтүүлөр тарттырып алышып, жетишсиз болуп калган. Суу түтүктөрүнө биздин тиешебиз жок”,-деп белгиледи ооруканананын башкы дарыгери Маматаирова.

Бул маселеге ооруканынын тиешеси жоктугун айыл аймактын жетекчилери да ырастайт. Себеби оорукана менен катар коммерциялык багыттагы объекттер Ош шаардык суу канал ишканасы менен келишим түзүшкөн.

Тургундардын масесин чечүү үчүн айыл өкмөт каржат бөлүп, ондолбой калган куурларды калыбына келтирүүнү пландап жатат. Каржы бөлүнгөн соң, куурлардын үстү жабылып, таштандыдан тазаланат.

Мады айыл өкмөтүндө жалпы 30 минден ашуу калк жашайт.

Сүрөт: knews.kg

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.