
Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Кара-Суу райондук экологиялык көзөмөл боюнча инспектору 30 миң сом акча каражатын опузалап талап кылууга шектелип кармалды.
Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Анда маалымдалгандай, М.у.Ч 3-мартта жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын алып жаткан жеринен кармалган.
Кармалган жаран Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды.
Азыркы учурда тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
- 04.03.2022