Кара-Суу базарына өрт өчүрүүчү унаалар кире албай койду

Каа-Суу районундагы Туратали базарында өрт коопсуздук эрежелери сакталган эмес. Тилсиз жоо жүз берсе, базардын ичине өрт өчүрүү унаалары кире албайт. Анткени соода күркөлөрүнүн аралыгы жакын жайгашкан. Бул тууралуу райондук өрткө каршы кызмат башкармалыгынан билдиришти.

“Биз базардагы өрт коопсуздук эрежелерин текшерүү үчүн машыгуу өткөрдүк. Күркөлөрдүн арасына өрт өчүрүү унаалар менен кире албай койдук. Контейнерлер бири-бирине өтө жыш жайгашкан. Эгерде тилсиз жоо жүз берсе, өчүрө албай калышыбыз толук ыктымал”,- дешет башкармалыктын адистери.

Эреже боюнча базар ичиндеги соода орундарынын аралыгы 6 метрди түзүүсү керек. Бирок азыркы күркөлөрдүн аралыгы 2 метрден жакын жайгашкан.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн мындай аныктоолорунан кийин базар жетекчилиги иретке келтирүү иштери башталарын билдирди.

“Башаламандыкты иретке келтирип, коопсуздук жагын чыңдоо аракеттери эми күчөтүлөт. Учурда жол боюнда олтурган сатуучуларды башка жакка көчүрүү пландалып жатат”,- дейт Туратали базарынын директорунун орун басары Ырысбек Мырзалиев.

Жыл башынан бери Ош облусунун аймагында 107 өрт кырсыгы катталган. Андан келтирилген зыян 11 млн 508 миң сомду түзгөн. Анын ичинен Кара-Суу районунда 37 өрт кырсыгы катталса, алардын ичинен беши базарлардан чыккан. Чыгым 7 млн 108 миң сомду түзгөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.