Кара-Суу: 30дан ашуун үйгө коркунуч жараткан сайдын жээгин бекемдеп жатышат

Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагында 30-40 турак жайга коркунуч жараткан сайдын жээгин бекемдешүүдө. Аймакта техникалар менен жумушчу топ иштеп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, 19-апрелдеги жаандан улам айылдагы Машрапсай дарыясынын деңгээли көтөрүлгөн. Суу нугунан ашып, аймактагы ички чарбалык жолдорду жеп кеткен. Мындан сырткары, жолдун бир тарабындагы 30дан ашуун үйлөргө да коркунун жараткан.

Дарыянын жээгин бекемдөө 9-майда башталган. Бүгүн, 10-майда дагы улантылып жатат.

Сүрөт: Sputnik

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.