Кара-Кулжа: 11 үйдү жер көчкү басып калуу коркунучу пайда болду

Бүгүн, 6-май күнү Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы 1-май айылынын Жайыттын-Үстү участогунда жер көчкү коркунучу пайда болду. Учурда 11 турак үйгө кооптуу абал жаралууда.

Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады. Узундугу 22метр, кендиги 5 см, терендиги 1 метр жаракалар пайда болгон.

Райондук жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан жашоочуларды туугандарыныкына көчүрүү иш-чараларын жүргүзүшүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.