Кара-Көлдө аңчылыкка чыккан адам каза болду

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 53 жаштагы киши аңчылык кылып жүрүп, жүрөгү кармап каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.

“Жалал-Абад шаарынан келген үч мергенчи Кара-Жыгач тилкесине ууга чыгышкан. Биринин жүрөгү кармап, ал ошол жерден жан берген. Кара-Көл шаардык куткаруу бөлүмүнөн алты кызматкер тоого чыгып, мергенчинин сөөгүн алып түшүштү”, – деп айтылат маалыматта.

Куткаруучулар өлгөн адамдын сөөгүн кечки саат тогуздар чамасында милиция кызматкерлерине тапшырып беришкен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.