Кар калың, жолдор муз. Унааңыздын дөңгөлөктөрү кышка даярбы?

 4-декабрдан бери жаап жаткан кардан кийин унаа тетиктерин алмаштыруучу жайлар кардарлар менен толду. Айдоочулардын дээрлик баары автоунааларынын дөңгөлөктөрүн кышкысына алмаштырууга келип жатат.Себеби жолдорго муз тоңуп, жайкы дөңгөлөктөр менен жүрүү кооптуу.

Кышкы сезонго ылайыкташтырылган дөңгөлөктөрдүн баасы ар түрдүү. Дөңгөлөктөрдүн сапатына жана колдонулушуна карап 900 сомдон 100 долларга чейин сатылууда. Ош облустук патрулдук милиция дөңгөлөктөр быдырларына карап тандалуусу керектигин билдирет. Маселен, жүк ташуучу унаадагы балондордун бүдүрлөрү 1 миллиметр, жүргүнчү ташуучу транспорттордо 2 миллиметрден кем болбошу керек. Ошондой эле алыс жолго чыккандар кошумча чынжырча алып жүрүүсү шарт.

Кайгуул милициясынын иликтөөсүнө ылайык, Ош облусундагы автоунаалардын 35 пайызы кышкы дөңгөлөктөр менен камсыздала элек. Учурда кырсыктарды болтурбоо максатында, кышкы сезонго камылга көрбөгөндөргө айып пул салынып жатат. Себеби жазгы балондор кар жааганда тайгаланып, кырсык катталуу ыктымалы жогору. Анын үстүнө кечээ кар калың жаап, жолдорго муз тоңду. Көчкү жүрүү коркунучу да бар. Айрыкча, Бишкек-Ош унаа жолунун Ала-Бел ашуусунда кардын көлөмү 1.5 метрге чейин жеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 11-декабрга чейин жолдор тоңуп, тайгак бойдон калаарын билдирди. Ал эми айдын аягында аба-ырайы 15 градуска чейин жылышы күтүлүүдө.

 

Журналист: Нуржамал Баргыбаева

Оператор-монтажер: Кабыл Көчкөнбай уулу

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.