Канга муктаждык көп, бирок донорлор аз. Видео

Учурда ар бир медициналык мекеме канга муктаж. Адистердин айтымында, бейтаптар операциядан кийин өзүнө келиш үчүн кан куйуу зарыл. Канга муктаж болгон жарандардын саны көп, бирок донорлор аз.

“Ош облустук кан борбору Оштогу медициналык мекемелерди донорлук кан менен камсыздап турат. Ооруканаларда жаткан бейтаптар ушул жерден пайдаланышат. Азыркы учурда кандын запасы бар болгону менен, кырдаалга байланыштуу өз ыктыяры менен келип кан тапшырган жарандардын саны кыйла азайды”, – дейт Ош облустук кан борборунун жетекчиси Осмонали Шамшидов.

Кызыл-Ай коому туруктуу донорлордун сап башында. Алар кечээ кан борборуна келишкен. Аталган коомдун мүчөлөрү бул эле эмес, буга чейин дагы бир нече жолу кан тапшырып, адам өмүрүн сактап калууга жардам беришкендигин айтат.

Донор болуп келген жарандар текшерилип, алынгандан соң бейтаптарга туура келген кан иргелип берилет. Кийин туугандары бейтапка берилген кандын запасын толукташат. Белгилей кетсек, 18ден 60 жашка чейинки жарандар гана кан бере алышат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.