
Бүгүн, 19-апрель күнү УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунун Савай айыл аймагынын тургундары менен жолугушууга келди.
Ал азыркы учурда тургундарга чек ара боюнча кабыл алынган протоколду түшүндүрүүдө.
Эске салсак, буга чейин аталган айыл аймактын тургундары “Кемпир-Абад” суу сактагычын Өзбекстанга бербөө талабын коюп, УКМКнын төрагасынын келүүсүн талап кылышкан.
- 19.04.2021