
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусуна барды. Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча ыкчам кеңешме болору белгилүү болду.
Саат 08:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде, Самаркандек, Төрт-Көчө, Көк-Таш, Дахма, Көчө-Бою жана Головной тилкелеринде абал туруктуу.
Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, түн тынч өттү. Учурда кырдаал көзөмөлдө.
- 28.01.2022