Калыстын чечимине нааразы болгон кыргызстандык мушкер

Кыргызстандык мушкер Дастан Шаршеев Татарстанда өткөн TNA версиясы боюнча беттеште калыстын чечимине нааразылыгын билдирип, рингден кетпей койду. Орусиялык атаандашына жеңиш ыйгарылганына макул болбогон спортчу микрафон алып, сөз сүйлөдү.  Бул боюнча өткөн түнү социалдык тармактарга чыккан видео чагылгандай бат тарап, талкуу жүрүп жаткан кез.

Интернет колдонуучуларыны көбү Дастан Шаршеевге колдоо сөздөрүн жазып, калыстар адилетсиз чечим кабыл алганын айтып жатышат. Фейсбуктагы Акшин Жанузаков аттуу колдонуучу чыгарган видеону 156 миң адам көрүп, 6 миңдей лайк басылды, 6 миң жолу бөлүшүштү.

Рингден кетпей, каршылыгын билдирип жаткан Дастан Шаршеевге калыстын “депортация болосуң” деген сөзү өзгөчө сынга кабылды. Дагы бир топ колдонуучулар спортто чек ара, улут жоктугун , кандай болсо да калыстын чечимине баш ийип, спортчу мушташ талаасынан татыктуу кетип калыш керек эле деп жазды.

 

Кыргызстандык Дастан Шаршеев Казанда өткөн TNA версиясы боюнча мушташта орусиялык Антон Калинин менен беттешкен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.