«Кадастр» мамлекеттик 24 млн сомдук жерди мыйзамсыз менчикке каттаган

Ош облусунун Кара-Суу районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарын бузуу фактысы аныкталды. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүүдө “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Кара-Суу филиалынын жооптуу кызматкерлери аталган районго караштуу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн Жаңы-Турмуш айылында жайланышкан, муниципалдык менчиктеги 24 млн 592 миң 000 сомго бааланган, аянты 0,18 га жер тилкесине эч кандай укук аныктоочу документтери жок туруп, “Б.А.” аттуу жарандын жеке менчик укугун мыйзамсыз каттап, мамлекеттик акт берип жиберишкендиги тастыкталды.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.