
Кадамжайда жол кырсыгынан бир аял каза болуп, 4 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Анда маалымдалгандай, Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 147-чакырымында (Ноогардан айылы) “Ауди” жана “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү жеңил унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Натыйжада 1955-жылы туулган Ф.Ы. аттуу аял каза болуп, 1988-жылы туулган Д.З., 1952-жылы туулган Ф.Т., 1988-жылы туулган Ф.Ү. жана 2018-жылы туулган Ө.М. жаракат алган.
Куткаруучулар каза болгон адамдын сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине, ал эми жабыркагандарды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
- 15.02.2022