Көз жөнүндө кызыктуу 12 факт: Адамдын көзү өмүрүндө орточо эсеп менен 24 миллион сүрөт көрөт

“Сулуунун көркүн бөз ачат, кишинин көркүн сөз ачат, ал эми ааламдын көркүн көз ачат” – деп бекеринен айтылбаса керек. Бул жарыкчылык дүйнөнүн: табияты кооз айлананын, тоо-токойду, жер –сууну, чаңкайган көктүн, нурун чачкан күндүн, толгон айдын, миң сан жылдыздардын, чети көрүнбөгөн он сегиз миң ааламдын кооздугун,  кереметин көз көрбөсө, кантип сезмек элек. Анда бизге ушул ырахатты тартуулаган көз жөнүндө  кызыктуу 12 фактыны сизге айтып беребиз.

  1. Биздин көздөрүбүз эч качан көлөмүн өзгөртпөйт.
  2. Адамдар компьютердин бетиндеги жазууларды барактагы текстке салыштырмалуу 25 % жай окуйт.                                                                                      
  3. Качан биз жакшы көргөн адамдарыбызды караганда каректерибиз жарым эсе чоңойот.
  4. Ар бир көз 107 миллион клетканы өзүнө камтыйт, алардын баардыгы жарыкка сезгич келет.                                                                                                      
  5. Орточо эсеп менен өмүрүбүздө 24 миллион ар кандай сүрөттөрдү көрөбүз.
  6. Ар бир кирпик 5 ай гана жашайт.
  7. Аарылардын көздөрүндө чачтары бар. Алар шамалдын багытын жана ылдамдыгын аныктаганга жардам берет.
  8. Көзүбүз канчалык чоң болбосун 6\1 бөлүгүн гана көрө алат экенбиз                                                                                                                                                           
  9. Адамдын көзү үч гана спектралдык аймакты сезе алат: кызыл, көк жана сары. Башка түстөр бул түстөрдүн айкалышы болуп саналат.
  10.  Көз саат саайын мээге миңдеген маалыматтарды жөнөтөт. Ошондой эле ал секундасына 50дөн ашык буюмду көрө алат.

11.Эгерде адамдын көзү санариптик  фотоаппарат болсо 576 мегапиксель болот.

  1. Фотоаппарат көздүн иштөө функциясынын негизинде иштелип чыккан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.