
Жакын арада өсүмдүк майы менен кумшекердин баасы түшөт. Бул тууралуу бүгүн монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча бөлүмүнүн башчысы Сагындык Маматоморов маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, августтун аягына чейин Кыргызстанга КНСтин нөлдүк ставкасы менен 40 миң тонна кумшекер жеткирилет. Бул азыктын базардагы баасына таасирин тийгизет.
«Быйыл Орусияда күн караманын түшүмү жакшы, 19,3 миллион тоннадан ашык күн караманын үрөнү жыйналды. Андыктан акыркы айларда Орусияда майдын дүң баасы да төмөндөп жатат. Жакын арада алар бул жерде дагы азаят », – деп түшүндүрдү ал.
- 03.08.2021