Күз күрөш: Быйыл Жалал-Абад, Талас жана Чүйдө түшүм жакшы болду

Бул жылы өлкөдө түшүмдүүлүк жана дүң жыйым жетишерлик жогору болгондугун Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жайы жана мелиорация министрлиги билдирди.

Өлкөнүн облусттарында оруп-жыйноо иштери штаттык режимде тиешелүү агротехникалык талаптарды сактоо менен, өз мөөнөтүндө жүргүзүлүүдө. Оперативдүү маалыматтарга ылайык, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусттарынын фермерлери дан эгиндерин жыйноону аяктоо алдында турат.

Жалпысынан республика боюнча 359,6 миң га айдоо аянтынан дан эгиндери жыйналды жана 2019-жылдагы ушул мезгилге караганда 25,1 миң га аянтка көп. Орточо түшүмдүүлүк гектарынан 26,0 ц. көрсөткүчүн түздү жана өткөн жылдагыга караганда гектарынан 1,7 ц. көрсөткүчүнөн жогору.

Дан эгиндеринин дүң жыйымы бункердик салмакта 931,0 миң тоннаны түздү жана өткөн жылдагыга караганда 121,7 миң тоннага көп.

Облусттар арасында буудайдын түшүмдүүлүгү Талас облустугунда эң жогору көрсөткүчтү түздү- гектарына 32,9 ц.

Арпанын жогорку түшүмдүүлүгү Чүй облустунда жогору болду-гектарына 26,3 ц. Ал эми жүгөрү даны боюнча түшүмдүүлүк Жалал-Абад облустунда жогору- гектарына-69,4 ц.

Мындан тышкары, республика боюнча дан-буурчак өсүмдүктөрүнүн , май өсүмдүктөрүнүн, картошканын, жашылча, бакча эгиндеринин түшүмү жыйналууда. Картошка эгининин түшүмүнүн көлөмү Чүй облустунда жогору, ал эми жашылча боюнча жогорку көрсөткүч Жалал-Абад облустуна тиешелүү.

Түшүм жыйноо өнөктүгүнө 1 879 дан жыйноочу комбайн тартылган. Түштүк облустарда дан жыйноодо 400 дан жыйноочу комбайндар иштеди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.