
12-апрелде Улуттук статистика комитети күн карама майына баанын мониторинги боюнча маалыматтарды жарыялады.
Ошентип, 12-апрелге карата Кыргызстанда күн карама майынын орточо баасы 170,74 сом деңгээлинде.
Эң төмөнкү баалар Өзгөн шаарында катталды – литрине 157,61 сом, эң жогорку баа Токмок шаарында – 179,97 сомго. Бишкекте күн карама майынын бир литринин баасы 172,17 сомду, Ош шаарында 170,96 сомду түзөт.
- 13.04.2021