Күмүшхан Досматова: Эми эч кимге көз каранды болбой иштейм

Ош облусунда аялуу катмардагы ондон ашык аял чакан ишкердик баштоого грант алды. Эми алар үй шартында кийим тигип же  тамак-аш даярдап, балдарынын кем-карчысын каржылай алат.

58 жаштагы Күмүшхан Досматова Араван районунда жашайт. Уул-келини, төрт небереси менен чогуу турушат. Бир кишинин тапканы жети адамга такыр жетпейт. Андыктан Күмүшхан эже акча табуу үчүн ар кандай жумуштарды жасап жүрдү. Кебез кант даярдап, сатып жүргөндө колун күйгүзүп алганын  эстеп, жашып да алды. Эми кыйынчылыктардын баары артта калып, жаңы ишти чоң ынтызарлык менен баштаганы турат. Күмүшхан Досматованын бизнес-долбоорун бейөкмөт уюму колдоп, ага тигүүчү машина алып беришти.

“Өзүм жаш балдарга кийимдерди, сумкаларды жакшы тигем. Бирок тигүүчү машинам жок болгондуктан, бул иш менен алек боло алчу эмесмин. Эми кыялым ишке ашып, долбоордон тигүүчү машина алып олтурам”, – деп кубанычы менен бөлүштү Досматова.

Күмүшхан эжеден сырткары Арван районунда аялуу катмардагы дагы үч аял чакан ишин баштоого колдоого ээ болушту. Алардын бири – Гүлзада. Эки баласын өзү жалгыз тарбиялайт. Долбоорго катышканга чейин мектепте иштеп, бирок мугалимдерди кыскартуудан кийин жумуштан кеткенге аргасыз болгон.

“Ишим жок калдым, эми эки баламды кандай багар экем деп ойлонуп, күнүгө ыйлай берчүмүн. Ошентип жүрүп катуу депрессияга түшүп калдым. Жашагым келбей, эптеп эле күнүм өтүп калган эле. Бир күнү“Рейнбоунун” Аравандагы кызматкери Саидага жолугуп,  алардын сабактарына катыша баштадым. Оштон келген психологдор сабак өтүштү, андан өзүмдү баалаганды, алдыга умтулганды үйрөндүм. Балдарымдын келечеги үчүн күчтүү болушум керек экен. Азыр Кудайга шүгүр, баары жакшы,”-дейт Гүлзада.

Гүлзада психологиялык жактан өзүн жеңип эле тим болбой, эки баласын жакшылап багуу үчүн эми чеберчилик менен алектенет. Гранттык негизде ага да тигүүчү машина берилди.

Ошентип, Араван районунда  үч аял тигүүчү машинага ээ болду. Дагы бир эне тоңдургуч алды, эми ал катталган камырларды даярдап сатмакчы.

Жалпысынан Ош облусунда 11 аял чакан гранттарды утуп алган. Алар үчүн мындай мүмкүнчүлүктү “Рейнбоу” коммерциялык эмес уюму түзүп берген. Чакан ишкердик менен алектене баштагандардын айрымдары татууларды бышырса, экинчиси тигүүчүлүк менен алек, дагы башкасы косметология сырларын үйрөнүп, элге кызмат көрсөтө баштады.

“Рейнбоу” уюму алгач аялуу катмардагы аялдарга психологиялык жактан жардам көрсөтүп, каржылык сабаттуулук, бизнес план түзүү жана каражатты туура башкаруу боюнча эки апталык окууларды уюштурган. Бизнес-долбооруна мүмкүнчүлүктөрү шайкеш келгендери грант утту, калгандары жок эле дегенде жашоого шыктанып, максат коюп,  өзүн баалаганды үйрөндү, – дешет уюштуруучулар.

“Рейнбоу” уюмунун кызматкери Саида Ахматахунованын айтымында, аларга турмуштан запкы жеген аялдар кайрылышат. Мисалы, жалгыз бой энелер же аракка, баңгизатына берилип кеткендер жана камалып кеткендердин аялдары.

“Андан сырткары балдары ВИЧ/СПИД менен ооругандар, жакындары кабыл албай койгондор да келип, бизден жардам алышат. Биринчи келгенде түйшүккө батып, депрессияга түшкөн, жашоого болгон кызыгы тарап калган абалда болушат. Ошондуктан, биз атайын психолог чакырабыз, сабак өтүп, ар бири менен сүйлөшүп, калыбына келгенге жардам беребиз. Ар бир аялдын келип-кеткен жол акыларын төлөп, андан сырткары окуткан 14 күн бою азык-түлүктөр менен камсыз кылып, ундан тарта май, күрүчүнө чейин берип турабыз. Булардын баарын кыйналган аялдарга стимул болсун, жашоого кызыксын деген максатта ишке ашырабыз,”- деди Ахматахунова.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.