Ошто көмүрдүн баасы көзөмөлдө

Көмүрдүн наркына бирдиктүү баа коюлду. Өкмөттүн 242-буйругуна ылайык, өлкөнүн бардык аймактарында кара алтын бычылган баада гана сатылууга тийиш. Мындай токтом 1-декабрда кабыл алынды. Көмүр чыккан жерлер текшерилип, казуудан тарта сатыкка чыкканга чейинки бардык чыгымдар эсептелип, анан гана баалар бычылган.  

Учурда Ош шаарында көмүрдүн баасы 6 сомду түзөт. Бирок кээ бир кара алтын саткандар бааны кескин көтөрүшүп, 8 сомго чыгарып алгандары бар. Буга аба ырайынын өзгөрүп, көмүргө суроо-талаптын күчөшү түрткү болгон. Көмүрдүн кескин кымбаттап кетиши, албетте, шаар тургундарынын нааразычылыгын жаратты.

Баанын 6 сомдон 8 сомго көтөрүлүшүн сатуучулар да түшүндүрүп өтүштү. Аба ырайынын катаал мезгилинде жолдо унаалардын дөңгөлөктөрү жарылып, көмүрдү базарларга жеткирүүнүн өзү эле бир топ түйшүк. Ошондуктан кара алтынга коюлган баага макул эмеспиз дешет алар.

Анткен менен монополияга каршы күрөшүү кызматы сатуучуларга көмүрдү коюлган баада гана сатылышын эскертишүүдө. Буйрукту аткарбагандар 10 миң сомдон 50 миң сомго чейин айып төлөшөт. Бааларды тескөө үчүн атайын комиссиялык топ түзүлүп, бүгүндөн баштап базарларда текшерүү жүрө баштайт.

Өкмөттүн токтомунун негизинде коюлган баалар 2018-жылдын 16-февралына чейин жарактуу болот.

Журналист: Бегимай Асанова

Оператор-монтажер: Нурсултан Адыкерим уулу

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.