Көмүр шахтасында калгандар эки күндөн кийин  аман табылды

Жумушчулар – Кайрат Дөргөев менен Азамат Тойматов аман табылды жана саламаттыгында көйгөй жок деп ӨКМ билдирүү таратты.

22-апрелдин кечинде Ысык-Көл облусунун Жыргалаң айылындагы “Дөргө көмүр” шахтасында кокустук болгон.  Жардыруу иштерин жүргүзүп жатканда эски чуңкурдагы суу жаңы өтмөктү каптап, эки жумушчу дайынсыз болуп жаткан. Алар уранды алдында калып кетти деп болжонгон эле.

Издөө иштерине куткаруучулардан сырткары жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да катышып, жеринде жүрүшкөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.