Көлөмү чоң, ылдамдыгы жогору асыл тукум жылкылар Өзгөндө багылып жатат

Өзгөн районунун тургуну Шайырбек Сатыбалдиев Орусиянын “Орлов” породасындагы асыл тукум жылкыларды багып жатат.  Ал орусиялык жылкыларды кыргыздын кара байырлары менен аргындаштырып, кандай породадагы тулпарлар чыгаарын чыдамсыздык менен күтүп жаткан учуру. 

Мындан эки жыл мурун Шайырбек Сатыбалдиев  Орусиядан ондон ашык ылдамдыгы жогору  жылкыларды алып келген.  Учурда аларды короосунда таптап, улак чабууга даярдап жатат. Аталган породадагы жылкылар жайытка чыкпай, сарайда гана жем- суу менен багылат.

“Орлов” породасындагы асыл тукум жылкылар биздин тоо- ташка ылайыкташкан эмес. Ошол себептен таштардан мүдүрүлүп учуп кетет, өлүп калат деп коркуп, эч ким алып келбейт. Мен сарайдан чыгабай карап жатам”,- дейт фермер.

Шайырбек Сатыбалдиевдин улак тартышка кызыккандыгы асыл тукумдуу аргымактарды багуусуна себеп болгон. Ошондуктан, жылкы  породасын иликтеп, ылдам чуркай тургандарын издеген.  Натыйжада, орусиялык адистердин  кеңеши менен Новосибирскийдеги жылкы фермасынан “Орлов” түрүн алдыртып келген.

Фермердин  айтымында, асыл тукум жылкыларды түштүктүн ысык аба-ырайына көндүрүү оңойго турган жок. Суукка көнгөн жаныбарлар аба гана ылгабастан, сезимтал да келишет экен. Мындан сырткары жергиликтүү жылкылардан чоңдугу, бат жүргөндүгү менен айырмаланат. Кожоюнунан башка адамга көп деле жакындай бербестигин айтат.

Ал эми облустук бийлик башчылары азырынча мал чарбачылына  арзан насыя менен гана жардам бере алаарын айтат.

“ Советтер Союзу менен кошо жоголуп кеткен мамлеккетке тийиштүү чарбаларды кайра куруу жакынкы жылдары ишке ашышы күмөн”,- дейт Өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн айыл чарба секторунун башчысы Раимберди Монокбаев.

Фермер Шайыр Сатыбалдиевдин негизги максаты- киреше табуу эмес. Тоо шартында асыл тукумдуу жылкылардын туягын гана көбөйтпөстөн,  сапаттуулугун арттырууну  максат кылган.  Аны менен таза кандуу жылкыларды бүт облуска жайылтууну каалайт.

Бул маалыматты “Сорос-Кыргызстан” фондунун редакциялар аралык тажрыйба алмашуу долбоорунун катышуучусу, Нарын облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясынын кабарчысы Сыргак Бактыяр уулу даярдады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.