Көгүлтүр оттун баасы 10-12 тыйынга арзандады

“Газпром Кыргызстан” ишканасы апрель айында газдын баасы 10-12 тыйынга арзан болорун жарыялады. Көгүлтүр оттун наркы доллардын ай башындагы курсуна жараша түзүлөт.

“Көгүлтүр оттун бир куб метрине болгон баа калк үчүн 14,37 сомду түзсөт. Ал эми өнөр жай, коммерциялык ишкана жана бюджеттик уюмдар үчүн 17,62 сомдон бааланат. Нарк бардык салыктардын эсеби менен белгиленген”, — деп айтылат “Газпром Кыргызстан” ишканасы тараткан маалыматта.

Ошондо газдын баасы эл үчүн 10 тыйынга, өнөр жай ишканалары үчүн 12 тыйынга арзандады.

Талапка ылайык, көгүлтүр оттун наркы Улуттук банк тарабынан ар бир айдын башына карата түзүлгөн доллардын курсуна байланыштуу белгиленет. 1-апрелге карата доллар 58,57 тыйынга бааланса, бир ай мурун 60 тыйынга жогору болгон.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.