Көчөттү туура тандоо – көп жылдык киреше

Жазда дыйканчылык иштери башталып, багбандар көчөттөрдү отургузушат. Көчөттүн тамыр байлап, андан аркы түшүмдүүлүгү – анын туура тандалышы менен багуудан көз каранды. Бирок, бул ыкмалар тууралуу жарандардын көпчүлүгүндө маалымат жеткиликтүү эмес. Анын кесепетинен бак тигүүдөн аксап, чыгашага дуушар болушат.

Ошол эле учурда көчөлөрдө жана базарларда көчөт саткандардын саны өсүп, ар ким өз көчөтүн сатууга киришет. Алардын айрымдары өзү өстүргөн көчөттөрдү сатса, арасында алып-сатарлар дагы кездешет. Мына ошолордун кесепетинен жабыр тарткандар бар.

Ал эми Кара-Суу районунун тургуну Сейдали Зөкөев бактан түшүм алууда аксап келет. Ал мындан бир нече жыл мурда алма көчөттөрүн отургузган. Бирок алмалары жетилгенден бери бир дагы жолу мол түшүм ала алган эмес. Каарманыбыз көп мөмө алуу үчүн ар кандай ыкмаларды колдонуп көргөн.

“Алма бактын бир тарабында көп жылдык теректер бар эле. Балким ошонун көлөкөсү зыян тийгизип жаткандыр деп, аны дагы кыйып салдык, жыйынтык болгон жок. Жаз алды менен баары тегиз эле гүлдөгөндөй болот, бирок кайра эле аз мөмө байлайт. Ашыкча бутактарын да бутатып көрдүк. Ушинтип мөмөлүү дарагыбыз мөмө бербей жатат”, – дейт Зөкөев.

Бак тигүүдөн мурда көчөттөрдү туура тандоо маанилүү. Кыргызстанда бийик, орто жана жапыз бойлуу мөмөлүү дарактар эгилет.

Көчөттү тандоо, отургузуу, кам көрүүдөгү эрежелер

Багбан Манас Саматов көчөттү сатып алууда кылдат көңүл буруу керектигин билдирди. Себеби көчөдө сатылган көчөттөрдүн тамырына шамал тийип калгандыктан, отургузганда көктөбөйт. Ошондуктан ишеничтүү питомниктерден жана атайын муздаткычтарда сакталып турган жеринен алуу сунушталат.

Ал эми багбанчылыкка ылайыктуу жерди күз мезгилинде даярдап коюу зарыл. Алгач кыкты сээп, жерди семиртип алып, андан соң жумшартып айдап койгон оң.

“Эң башкысы бак тиге турган жерге беде себилбеши керек. Беденин тамыры узун жана кубаттуу болот. Ал көчөттүн тамырын ороп, куурашына алып келет. Көчөттөр көктөбөй жатат дешет. Сураштырсак алардын арасына беде сээп койгон болот. Бак тигип, эки жылдан кийин гана бош жерлерине башка өсүмдүктөрдү өстүрсө болот. Бирок, тамыры кыска, мөмөлүү дарактарга зыян тийгизбей турган түрлөрү болушу шарт”, – деди Манас Саматов.

Багбан, консультант Курсан Байбобоевдин айтымында, көчөттү отургузуп койсо эле мөмө берет деген түшүнүк жаңылыштык. Бак тиккенден соң ага туура кам көрүү эң маанилүү этаптардын бири. Маселен, көчөттү баштапкы 5-6 жыл ичинде бутап турбаса терек сыяктуу узунуна карап өсө берет. Бирок, аз мөмө берет.

Белгилей кетсек, көчөттөрдүн аралыгы 5-6 метрден болуп, 10-15 күндүн ичинде сугарылып туруусу керек. Ал эми түшүмдү жыйноо алдында мөмөнү чоңойтуу үчүн жума сайын сугарып туруу сунушталат.


Курсан Байбобоев – багбан, консультант

“…мына, бул жеринен бутаганбыз. Андан үч шак өсүп чыккан. Сиздер көрүп турган жерлерин бутаганда дагы шактары өстү. Эми бул жагын бутап жатам, мындан дагы шактары уланат. Жалпысынан ошентип дарак жайылып, көп мөмө бере турган болот. Көпчүлүгү көчөттү эгип, карабай коюшат. Анан дарак узунунан өсүп, мөмө аз байлайт. Азыр бизде мөмөлүү дарактар көп болгондуктан мүмкүнчүлүк болбой жатат. Бирок, аз санда бак тиккендер бир, эки килогораммдык таш менен тартып, дарактын сабактарын ылдый көздөй байлап чыкса болот. Канчалык дарактын шактары жайылып өссө, арасынан шамал өтүп, оору дагы тийбейт. Ал эми алты жылдан кийин даракты бутоо токтотулат. Калган жылдары сынган шактары болсо гана алып туруш керек. Ошондой эле, мисалы ичине мындай шак өсүп калган болсо, ушуларды да бутап коюш керек. Эмне үчүн бутоо иштери токотулат десеңиз, бул жылдары дарак мөмө берип баштаган болот. Тагыраагы, буталган шактары бышып, мөмө түйүүгө жарап калат”.

Багбанчылыкты ар бир жаран өздөштүрсө болот

Кыяс Молдокасымов өз алдынча бак тиккендердин катарын толуктайт. Ал 15 жылдай убакыттан бери багбанчылыктын сырларын өздөштүрүп келүүдө.

Каарманыбыз бак тигип баштаганда ага кам көрүү жолдору тууралуу маалымаат болгон эместигин айтты. Маселен, алгачкы жылдары көчөттөрдү  жакын отургузуп, туура эмес бутагандын айынан дээрлик баары куурап калган. Бирок, багбанчылыкты өздөштүрө албайм деп тыянак чырабастан, кайра улам көчөт эгип, баштапкы үч жыл тажрыйба топтогон.

Молдокасымов азыр аракет, изденүүнүн үзүрүн көрүп, багбанчылыктан киреше таап жатат. Жети гектарга жакын аянтка шабдаалы, кара өрүк, алма сыяктуу көчөттөрдү өстүрүүдө.

“Өтө мыкты дебесек дагы азыр кадыресе бутаганды, караганды, дарылаганды үйрөнүп калдым. Көчөт эккенде аралыгын караш керек экен. Башында биз айтпадыкпы, аралыгын төрт метрден жайгаштырганбыз. Бирок,  көчөттөр чоңойгондо коюу токойго айланып кетет экен. Ошол үчүн биз кийинки эккендердин бардыгынын аралык жөөгүн 8 метр кылып, ал эми көчөттөрдүн аралыгын 5 метрге чейин калтырдык. Бул техника киргенге жана дарактын кеңири өсүүсүнө жакшы экен. Чыдамкай дагы боло билиш керек. Көчөт тигип койсоң эле киреше бербейт да. Бир нече жылдан кийин түшүмгө кирет. Ага чейин чыгаша дагы болот. Анан ошол чыгаша аз болсун деп, бактын бош жерлерине малина эгип койсо болот экен. Малина бир жылдан кийин түшүмгө кирет. Андан түшкөн киреше менен бакка кеткен каражатты жаап турганга болот.”

Бакка туура кам көрүү – киреше булагы

Араван районунун тургуну Рустам Мониев 24 сотых жерге беш жыл мурун курма дарактарын тиккен. Багбандын айтымында, курмага алгачкы 2-3 жыл ичинде жакшылап кам көрүү зарыл. Суукта үшүк алып кетпеши үчүн кышында сыртын кездеме же пленка менен ороп коюу сунушталат.

Андан кийинки жылдары өзгөчө камкордук талап кылынбайт. Суу коюп, жер семирткич катары малдын кыгын сээп коюу жетиштүү. 

Рустам Мониевдин курма багын түптөгөнүнө беш жылдын жүзү болду. Чыгашалары экинчи жылда өзүн актады. Ал жыл сайын 800 килограммдын тегерегинде түшүм алып жатат.

Рустам Мониев-Араван районунун тургуну

“Шоколадный деп коет муну. Бул экспортко чыга турган курманын сорту. Жаңы жылга жакын бышып, муздаткычтарда сактоого ылайыктуу. Мөмөсү жылдан жылга көбөйөт. Ошондо шактары сынып кетпеиш үчүн жыгач менен таяп коебуз”.

Өзү менен кошо башкаларды дагы көчөт менен камсыздаган багбан

Ош облусунун тургуну Абдумиталип Каримов карлик (орто бойлуу) көчөттөрүн өстүрөт. Ал өзү дагы бак тигип, багбанчылык менен алектенгендиктен түйшүгү аз, чыгашаны тез убакта актай турган көчөттөрдүн түрүн таппай кыйналган. Бир чети башка мамлекеттен сатып алуу кымбат болгон. Ошондуктан Голландиялык агрономдордон багбанчылык жаатында сабак алган.

Натыйжада Голландиядан алманын карлик көчөттөрүн алып келип, көбөйткөн. Учурда өз алма багын кеңейтүү менен катар жергиликтүү тургундарды дагы көчөт менен камсыздоодо.

“Көчөттөрдү базарга алып чыгып сатпайм. Кардарлар алгач келип көрүп кетишет. Анан жерди бак тигүүгө даярдап болгондо гана көчөттөрдү казып берем. Карлик Кыргызстандын климатына ыңгайлуу, тез убакыттын ичинде мөмө байлайт. Ошондуктан туура кам көрсө куурап калуу, мөмө аз берүү коркунучтары жокко эссе. Багбандар кайсыл мөмөнүн түрү болсо да базарда жакшы сатыла турганына, чыгымы аз жана тез түшүмгө кире турганын тандашы керек”,- деди Каримов.

Багбанчылык боюнча акысыз кеңеш бергендер да бар

Агроном Турусбек Асаналиев багбанчылык боюнча кеңештерин социалдык тармактарга жарыялап турат. Анын айтымында күз мезгилинде дагы бак тиккендер бар. Бирок, аба ырайы суук болуп калгандыктан көчөттүн тамырларынын куурашына алып келет. Көчөттү жазда, март-апрель айларында отургузган оң.

Ошондой эле бакты кыштан ойгонгончо бутоо зарыл. Бул бутакта бактериялык оорулар болсо башкаларына жугуунун алдын алат.

“Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюму өнөктөштүктө, Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К аталган долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн.

Даярдаган: Нуржамал Баргыбаева

Сүрөттөр yntymak.kg сайтына тиешелүү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.