Үйлүү болууга үмүттөнгөн жарандар. Кооперативдер ишеничти актайбы?

Социалдык тармактарда турак-жай кооперативдерине карата бир топ нааразычылыктар айтылууда. Анда жарандар алгачкы пайыздык төлөмдөрүн төлөгөнү менен, үй ала албай келишкени жазылат. Алардын бири “Ихсан” комерциялык эмес кооперативи.

Бирок бул кооператив айтылып жаткан сындарды төгүндөдү. “Ихсандын” Ош шаардык бөлүмүндөгү жетекчилиги, кезекке турган жарандар кезеги келсе да күтүүгө аргасыз экенин билдирет. Анткени учурда доллардын куну өсүп кетти.

Бул кооперативде кезекке турган жарандардын саны 7 миңден ашуун, алардын 3 миңдейи гана үйлүү болушкан. Компания кезеги келип үй ала албай жаткан кардарларга күтүү мөөнөтү узартыларын жана өтүп жатканына байланыштуу күнүнө 500 сом төлөп берүүсүн убадалады.

Серепчилердин айтымында, ар бир кооператив ачылып жатканда юридикалык күчү аныкталуусу кажет. Алар түрдүү жолдор менен күбөлүктөрдү алганы үчүн кепилдиктери эске алынбайт. Мамлекет тарабынан тыгыз текшерүүгө алынса, жарандарга коркунуч жаралбайт.

Статистика комитетинин маалыматына ылайык, учурда өлкө аймагында жеке турак-жайга муктаж 250 миң үй-бүлө жашайт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.