Йеменде дифтерия оорусу жайылды

Йеменде жугуштуу оорулар күндөн-күнгө күчөп баратат. Өлкө аймагында холера жайылган. Ага катар дифтерия оорусу да күч алууда. Бүгүнкү күндө вирустан 50гө жакын киши каза болду.

Йеменде 2017-жылдын август айынан бери дифтерия оорусу жайылып жатат. Бүгункү күнгө карай, вирус жуктургандардын саны 514кө жетти. Алардын 48и каза болгон. Эл аралык саламаттыкты сактоо уюму набыт болгондордун саны бат өсүп жатканына тынчсызданууда.

Учурда Йемендин 100гө жакын аймагында дифтерия катуу жайылганы айтылып жатат. Вирус жуктургандардын басымдуу бөлүгү Ибб провинциясында катталган.

Адистердин айтымында, өлкөдө холера дагы жайылган. Бирок дифтерия менен күрөшүү алда канча кыйынга турууда.

Белгилей кетсек, Йеменде 2014-жылдан бери куралдуу кагылышуулар токтобой келет. Жугуштуу оорулардын алдын алып, күрөшүү үчүн өлкөнүн саламаттыкты сактоо системасы толугу менен бузулган. Учурда 8 миллиондон ашык тургун медициналык жардамга муктаж.

Дифтерия адам өмүрүнө өтө кооптуу. Вирус организмге киргенден кийин адамдын дем-алуу органдары жабыркайт. Оорулууга дифтерияга каршы атайын сыворотка керектелет. Ошондой эле, организмди инфекциядан толук тазалоо үчүн антибиотиктерди колдонуу зарыл.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.