Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандарга ким, кантип жардам берет?

Быйыл үй-бүлөлүк зомбулук Бишкек шаарында жана Чүй облусунда эң көп катталды. Ал эми эң аз катталган аймак деп Баткен облусу табылды. Бул тууралуу Социалдык өнүгүү министрлиги билдирген.

2020-жыл ичи үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча КР Өкмөтү тарабынан кечиктирилгис иш чаралардын планы бекитилген.

Бирок Өкмөттүн мындай аракетинен анчалык майнап чыккан жок. Анткени үй-бүлөлүк зордук-зомбулук көйбөйдү. Ага карантин шарт түздү. Мисалы 2020-жылдын 10 айында өлкөдө 7669 үй-бүлөлүк зордук-зомбулук катталган. Жабыр тарткандардын көпчүлүгү – аялдар. Айрыкча өзгөчө кырдаал учурунда мындай көрүнүштөрдүн саны көбөйгөн.

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу максатында канчалаган күрөш жүрбөсүн, анын саны өскөнү же ал фактнын дагы деле катталып келе жатканы – бул, зомбулукка кабылган аялдардын тийиштүү органдарга эмес, керек болсо жакын адамдарына да айтпай, жашыруун сактаганы экени айтылып келет.

Зомбулуктун курмандыгы болгон аялдарга кимдер, кантип жардам берет жана алар кимге, кантип кайралса болот?

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.