Үй алып берүүнү убадалаган турак-жай кооперативинин жетекчиси кармалды

Үй алып берүүнү убадалаган “S-LINE» коммерциялык эмес турак-жай кооперативинин жетекчиси убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул туурасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, көпчүлүк жарандар бул кооператив тарабынан убадаланган үйгө жетпей, укук коргоо органдарына арыз менен кайрылышкан. Натыйжада Ош шаарынын аймагынан жарандарга үй алып берүүнү убадалап, бирок, аны аткарбастан, алдап жүргөнгө шектүү катары “S-LINE» коммерциялык эмес турак-жай кооперативинин жетекчиси 1994-жылы туулган А.Б. кармалып, 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бүгүнкү күндө аталган кооперативдин үстүнөн 24 жабыркаган жарандардын арыздары бар. Алар өз арыздарында адегенде аталган кооперативге кирүү үчүн 218 миӊ сом акча төлөп, андан соӊ ай сайын ала турган үйүнүн суммасын (процентти) төгүп турушкан. Жабырлануучуларга келтирилген сумма бүгүнкү күндө бир нече миллион сомдон ашкан.

“Бул кооператив алдамчылык менен алектенген “Финансылык пирамида” катары иш жүргүзгөнгө шектелип жатат. Алгачкы тергөө иштери көрсөткөндөй, үй алууга муктаж катары келген жана акча төккөн айрым гана жарандарга үй алып беришип, калган көпчүлүк акчасын төккөн жарандарга үй тийген эмес”,- деп айтылат маалыматта.

Тергөөнүн жүрүшүндө, “S-LINE” коммерциялык эмес турак-жай кооперативинин Түштүк аймактык филиалы 2020-жылдын 23-сентябрында ачылып, 2022-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө иш алып баргандыгы аныкталды.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.