IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркиянын кайсы шаарында өтө тургандыгы айтылды

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркиянын Кония шаарында өтөт. Бул тууралуу Кыргыз-Түрк Өкмөттөр аралык соода-экономикалык кызматташуу комиссиясынын 9-жыйынында маалым болгону КРнын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында жарыяланды.

Анда айтылгандай, Түркия көчмөндөрдүн дүйнөлүк IV оюнун Кония шаарында өткөрүүнү пландап жатканын кабарлашкан.

Эки өлкөнүн Өкмөттөр аралык комиссияны кыргыз тараптан Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана Түркиянын Вице-Президенти Фуат Октай жетектешкен.

Түркия IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын 2020-жылы өткөрүү үчүн Кыргызстандан былтыры кабыл алган. Ага чейин бул иш-чараны 3 жолу катары менен биздин мамлекет өткөргөн.

Көчмөн цивилизациясынын маданиятын жандандырып, сактап калуу максатында, 2012-жылы Кыргыз Өкмөтү тарабынан демилгеленип, “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” деген аталыш менен алгачкы жолу 2014-жылы сентябрь айында, Ысык-Көл облусунда өткөрүлгөн. Ал эми көчмөндөрдүн дүйнөлүк акыркы оюндарына 80 мамлекеттен 3000дей спортчу катышкан. Мелдештер 37 этноспорт оюндарынын түрүнөн болгон.

Сүрөттө: КРнын Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана Түркиянын Вице-Президенти Фуат Октай.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.