Ит жылын этке толгон дасторкон менен тосуп алыңыз

Ит- жөнөкөйлүктү жактырган, оңой жасалып, ток кармаган тамак-ашты сүйгөн жаныбар. Жырткыч тукумунан болгондуктан, албетте этти жакшы көрөт. Андыктан ит жылын тосуп алаарда эттүү тамактарга басым жасаганыңыз жакшы. Ошондой эле  башка жылдарга салыштырмалуу дасторконго өтө кымбат экзотикалык азыктарды сатып алуу шарт эмес.

Биринчи тамак

Эгер үй-бүлө мүчөлөрү суюк тамакты жактырышса, анда сөзсүз түрдө эттен жасалган азыктарды колдонсоңуз туура болот. Мисалы, фрикаделки, шорпо же рассольник. Ошондой эле эттен же колбасадан жасалган тамактарды, уй этинен борщ жасасаңыз да болот.

Муздак татымдар

Муздак татымдардан болсо кесилген эт жана колбаса, уйдун же койдун ички органдарынан жасалган азыктар жаңы жылдык дасторкондо болушу керек. Ошол эле уй этинен жана балык этинен даярдалган рулеттер дагы дасторкондун ажарын ачып, ит жылын ыраазы кыла алат.

Десерт

Ал эми десерт тууралуу айта турган болсок, эмне бышырсам экен деп көп ойлонуштун кереги жок. Анткени кайсы гана шириндик болбосун ит жылындагы дасторконго туура келет. Убактыңыз кененирээк болсо, албетте иттин элеси түшүрүлгөн таттуу токочторду бышырсаңыз, 2018-жылдын кожоюнуна жагаары анык.

Суусундуктар

Суусундуктардан болсо өз каалооңузга жараша койсоңуз болот. Эске сактачу нерсе,  дасторкон үстүнө жайната коюлган арак-шараптарды ит жактыра бербейт. Андыктан баары ченеми менен болсо жакшы. Анан дагы ит суусуз жашай албасын эске алып, жөнөкөй сууга дасторкондон орун бериңиз.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.