
Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков ээлеген кызматынан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу аталган окуу жайдын маалымат кызматынан билдиришти.
Анда маалымдалгандай, Билим берүү жана илим министрлигинен атайын комиссия түзүлгөн. Комиссиянын иликтөөсүнөн кийин чечим кабыл алынат.
Эске салсак, кечээ, 9-ноябрда Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков окуу жайдын студенттери үгүт иш-чараларына катышкандыгы үчүн кызматынан бошотулгандыгы айтылган.
Мындан сырткары, Ош мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин деканы Б. Муратбаев жана ошол эле факультеттин 3 окутуучусу кызматтан алынган. Билим берүү жана илим министри Б. Купешевге, Ош шаарынын мэри А. Мамбетовго сөгүш жарыяланган.
- 10.11.2021