Ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан мекеме-ишканалар кандай эрежелерди аткарышы керек? Тизме

1-майдан тарта ишмердүүлүгүн уланткан мекеме, ишканалар вирустун алдын алуу, сактануу үчүн кандай талаптарга жооп бериши керек? Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги эрежелерди иштеп чыкты:

– кызматкерлерди аралыкты сактоо менен транспорттор менен камсыз кылуу;

– ар бир сапардан кийин унаанын эшиктери менен туткаларын спирт камтылган эмульсиялар менен сүртүү;

– имаратка же бөлмөгө кире беришинде санитайзер- тазалагычтар, дезинфекциялоочу эритмеси менен даярдалган килемче, контаксыз термометр болушу зарыл;

– кызматкерлердин ден-соолугунун абалы жөнүндө күн сайын маектешүү;

– кызматкерлерди санитайзер, самын, нымдуу же кургак аарчыктар менен камсыз кылуу;

– дезинфекциялоочу каражаттар менен күн сайын нымдуу тазалоону жүргүзүү. Жуу үчүн дезинфекциялоочу каражаттар 15 күнгө жетиши керек;

– педальдуу таштанды урналарын орнотуу;

– желдетүү тутумунун үзгүлтүксүз иштеши, ошондой эле жайларды күнүнө беш маал 15 мүнөттөн желдетүү;

– жумушка баруу графиги, ишканада иштегендердин саны “ар бир кызматкер үчүн 1,5-2 метр аралык болуусу” принциби боюнча түзүлөт;

– Имараттын ичинде, кол жуу жана медициналык масканы кийүү эрежелери боюнча нускамалар дайыма илинип турушу керек. Өнөр жай, өндүрүш, курулуш ишканалардын иштөө шарттары:

– бөлмөгө маскалар же респираторлор менен гана кирүү;

– бөлмөдө бирден ашык адам болсо, жумушчулар маска жана кол кап кийүүсү зарыл;

– Саламаттыкты сактоо министрлиги 60 жаштан ашкан, кош бойлуу, өнөкөт оорулар менен жабыркаган кызматкерлерди алыстан иштөө жумушка которууну сунуштайт;

– ашканада идиш-аякты атайын жуугучтар менен жуугандан кийин дезинфекциялоочу каражаттары менен жууш керек же жумушчуларга бир жолу колдонулуучу идиш-аяк менен камсыз кылуу керек.

Такси кызматынын иш эрежелери:

– салондогу жүргүнчүлөрдүн саны – эки адам жана бир балага уруксат берилет;

– унаанын ичиндеги адамдардын бардыгы кол кап жана беткап кийип жүрүшү керек;

– ар бир сапардан кийин унаанын эшиктери менен туткаларын спирт камтылган эмульсиялар менен сүртүп, тазалоо керек;

– унаанын салонунун ичин толугу менен күнүнө үч жолу дезинфекциялоочу эритмелер менен жууш керек;

– унаада дезинфекциялоочу каражат болушу керек;

– айдоочу өзүнүн оорунун белгилерин байкаган учурда 103, 112 же 118 кызматтары менен байланышып, турган жерин билдирүүсү жана башкалар менен байланышты минималдаштырышы керек.

Сулуулук салондор үчүн иштөө шарттары:

– жумуш маска жана кол капта жүргүзүлүшү керек;

– Саламаттык сактоо министрлиги бөлмөдөгү адамдардын санын минимумга чейин азайтууну сунуштайт. Кызматкерлердин ортосунда 1,5-2 метр аралык болушу керек;

– кардарды тейлегенден кийин отургучтун, эшиктин, туткаларын дезинфекциялоо эритмелер менен тазалоо жана бөлмөнүн ичин желдетүү керек.

Соода кызматкерлери үчүн шарттар:

– кардарлардын ортосунда 2 метр аралык болуу зарыл;

– соода-саттык жүргүзүүдө жана акча эсептөөдө кызматкерлер маскада жана кол капта болуусу шарт.

– соода-саттык жайларда аралыкты сактоо белгилерин орнотуусу керек.

Жогорудагы эрежелерди аткарбаган тараптарга айып пул салынаарын Ош шаары, Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунун комендантынын маалымат борбору кошумчалады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.