«Ишкердикти өнүктүрүү фонду» компаниясынын уставдык капиталы 117 млн сомго жеткирилет

«Ишкердикти өнүктүрүү фонду» микрокредиттик компаниясы ачык акционердик коомунун уставдык капиталы 2022-жылдын ичинде 117 млн сомго чейин жеткирилет. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. 

Ушул токтомдун долбоорунун милдети болуп, чакан жана орто бизнестин ишкерлерин жеткиликтүү кредиттик каражаттар менен камсыз кылуучу финансы институту катары «Ишкердикти өнүктүрүү фонду» микрокредиттик компаниясы ачык акционердик коомунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жолу менен республикадагы чакан жана орто ишкердикке мамлекеттик колдоо көрсөтүүдө, мамлекеттин ролун күчөтүү саналат.

Буга катар «Ишкердикти өнүктүрүү фонду» микрокредиттик компаниясы ачык акционердик коомунун акционери (катышуучу) катары мамлекеттик мүлктүн менчик ээсинин укугун ишке ашыруу боюнча Министрлер кабинетинин ыйгарым укуктары, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунан Финансы министрлигине өткөрүп берүү чечими кабыл алынды.

Белгилесек, «Ишкердикти өнүктүрүү фонду» микрокредиттик компаниясы ачык акционердик коомунун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

– жакырчылыкты жоюуга көмөктөшүү, иш менен камсыз кылуу деңгээлин жогорулатуу үчүн калкка микрокаржылоо боюнча жеткиликтүү кызматтарды көрсөтүү;

– ишкердикти өнүктүрүүгө жана республиканын калкын социалдык мобилизациялоого көмөктөшүү;

– микрокредиттик компаниянын андан ары иштешинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.