Исфана: жер көчкүдөн оор жүк ташуучу унаалар өтө албай турат

Исфана-Сүлүктү жолунда жер көчкүдөн жүк ташуучу унаалар өтө албай жатат. ӨКМдин адистери жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жол ачышкан. Бирок каттамды ачууга азырынча техника тартыла элек. Көлөмү 10 миң метр кубка жеткен көчкүнү  атайын адистер келип мониторинг жүргүзгөндөн кийин тазалоо иштери башталат. Анткени көчкүнү ачууда топурак кайра дагы көчүшү ыктымал.

“Жергиликтүү бийлик көчкү тосуп калган жолдон ары жакта жайгашкан айылдарга кетүүчүлөргө унаа уюштуруп койгон. Шаардан баргандар ошол унаалар менен айылдарына кетип жатышат. Бирок тургундар көчкүдөн өтүү үчүн 200 метр аралыкты жөө басып тоо үстүнөн өтүшүүдө”,-деди Ынтымактын Баткендеги өкүлү Жыргалбек Абдижалил уулу.

Учурда женил унаалар үчүн айланма жол ачылды. Көчкү тазаланып жол толук ишке киргенче убактылуу жолго оор унаалар үчүн да шарт түзүлөөрүн облустук өзгөчө кырдаалдар министирлигинен билдиришти.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.