Исфана-Сүлүктү жолу ачыла элек

Мындагы табият кырсыгына жолдун туура эмес курулганы себеп экени айтылууда.

Азыры жеңил унаалар айланма жол аркылуу өтүп жатат. Жалпы транспорттук каттам бир жумадан кийин, жол толук тазаланганда калыбына келет.

Ушул тапта коомдук автоунаалар Исфана-Сүлүктү жолундагы жер көчкү түшкөн жеринен эки багыт боюнча катташууда.

Мында жүргүнчүлөр маршрут которуу үчүн 200 метр жөө жүрүүсүнө туура келет. 9-апрелде жүргөн көчкүнү тазалоо иликтөө жүрө электигинен улам токтоп турат.

Жер көчкүнүн жүрүшүнө жаандан сырткары, жол оңдоодо кетирилген мүчүлүштүктөр себеп катары айтылууда. Курулуш тармагындагы адистердин айтымдарында, долбоор туура эмес түзүлүп калган. Ошонун негизинде көчкү жүрүшү мүмкүн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.