Исаков: Интеллигенттер күн карама сыяктуу. Видео

Интеллигенттер күчүн, таасирин көрсөтө албай жатат.  Бир эле Кыргызстанда эмес, мурда советтер союзунун курамына кирген өлкөлөрдө да ушундай абал. Мындай оюн журналист, жарандык активист Ыдырыс  Исаков  “Чарпалектеги” азыркы интелегенциянын абалы тууралуу талкууда билдирди.

“Бүгүнкү күндүн интеллигенттеринин үнү коомдо бийик чыкпай жатат. Алар албетте  коомдун алдыңкы катмары, көптү көрө билгендер, акылы тунук инсандар катары өз пикирлерин билдирип туруш керек эле.  Бирок  аларга болгон ишеним учурда жокко эсе. Буга мисал – Кыргызстандагы шайлоо жараяндары.   1990-жылдан берки шайлоолорду ыплас өткөн деп айтып келебиз. А эмнеге  ошол учурда интеллигенция үн каткан эмес.  Азыркы учурда деле  шайлоолордо эң таасирдүү адамдар, мугалимдер, даарыгерлер.  Элге билим берип жатат, интелектуалдуулукка тарбиялап жатат деген агартуучулар ошол  эле учурда элди тескери жакка буруп койуп жатканын тарых өзү далилдеп жатпайбы”,- деди Ыдырыс Исаков.

Белгилей кетсек, учурда ар кандай  саясий окуяларда, бийлик менен оппозициянын саясий айдыңдагы тирешинде интеллигенциянын орду, айтчуу акылы  коомчулукта сынга алынып келет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.