Ирак: Мосулда концерт койгон музыкант

Ирактык музыкант Мосулдун жашоочуларына концерт койду. Ал мындай кадамы менен куралдуу салгылашууларга каршы экенин билдиргиси келди. Музыкант бир топ убакытка созулган согуштук аракеттерден кийин, террорчулардан бошотулган аймакта скрипка ойноп, жаштарга концерт коюп берди. 

Куралдуу аткылашуулар болуп жаткан Мосулда, бүгүнкү күндө скрипканын үнү жаңырып жатат. Ирактык музыкант мындай кадамы менен, “Ислам мамлекети” согушкерлерине каршы экенин билдирүүнү каалаган. Бул концерт Мосулда акыркы 3 жыл аралыгында алгачкылардан болуп жатат. буга чейин согушкерлер көзөмөлдөп турган аймактарда музыкага тыюу салынган болчу.

Амин Мукдад, скрипач:

Мен бул кадамым менен, терроризмге каршы экенимди дүйнө жүзүнө билдиргим келет. Музыкага эч ким тыюу сала албайт. Ар бир адамдын эркиндиги бар да.

Мосулдун батыш тарабында согуштук аракеттер дале болсо уланууда. Өкмөттүк күчтөр башында концерт коюуга каршы болушкан. Алар мында келген тургундарга кол салуу болуп кетеби деп кооптонушкан. Бирок кийинчээрек бары-бир уруксат берилди.

Аминдин концерти тууралуу социалдык тармактарда жарыяланган. Ал эми музыкант, Юнус мечитин биримдиктин символу катары тандап алды. Мында мусулмандар да христиандар да сыйынууга келип турушчу.

Аймакты согушкерлер басып алганда, алар ар бир үйгө кирип музыкалык аспаптарды талкалап, жок кылып салышкан. Бирок ошентсе да катып коюп, сакталып калгандары бар.

Аминдин концертине болгону 20дай гана киши келди.

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.