Коррупцияны айткан окуучу кыз депутаттардын күлкүсүнөн ыйлап жиберди. Видео

Социалдык тармактарда окуучу кыздын коррупция боюнча көтөрүп чыккан маселесин угуп жаткан депутаттар күлүп жиберген видео тарады. Анда окуучу депутаттардын мындай реакциясынан кийин ыйлап жиберген жана сөзүн андан ары улаган жок. Учурда бул – коомчулуктун катуу сынына кабылды.

Жыйында Бишкектеги № 87 мектебинин окуучусу сөз сүйлөп, алардын мектебинде 2 миңден ашык окуучуну 1 медайым тейлей турганын жана ар бир сайылган уколго акча ала тургандыгын айтып жаткан.

 

Эске салсак, кечээ, 20-ноябрда, Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө карата жана Бириккен Улуттар Уюмунун “Балдардын укугунун конвенциясынын” кабыл алынганына 30-жыл болгонун утурлай Жогорку Кеңештин депутаттары менен мектеп окуучулары жолугушкан. Анда депутаттардын орундуктарында окуучулар, ал эми саясатчылар четтеги орундуктарга отурушкан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.