
Бул тууралуу “Кыргызтелекомдун” Оштогу өкүлчүлүгүнүн инженери Абдирашит Сооронбаев “Ынтымакка” билдирди.
Интернеттин ылдамдыгынын начарлыгы аба ырайына байланыштуу.
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жүргөн сел интернет зымдарын жууп кеткен. Анын айынан 27-апрель саат 16:00дөн тарта ылдамдык начарлаган.
“Азырынча ремонт иштери качан бүтөөрү белгисиз. Ошондуктан интернет ылдамдыгы качан жакшыраарын айта албайбыз. Аба ырайынын начардыгынан байланыш болбой жатат”, – деди “Кыргызтелекомдун” Оштогу өкүлчүлүгүнүн инженери Абдирашит Сооронбаев.
Ал резервдик линияны жандандыруу аркеттери жүрүп жатканын кошумчалады. Учурда “Кыргызтелекомдун” Жалал-Абад облустук өкүлчүлүгүнүн адистери Токогул районунда оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатышат.
- 28.04.2017