Интеллектуалдык менчиктер өндүрүшкө айланбай жатат

Кыргызстан эгемендик алган 25 жылдан бери 5 миңге жакын ойлоп табуулар патенттелген. “Ынтымактын” “Чарпалек” программасынын кезектеги чыгарылышы өлкөдөгү ойлоп табуулар,  интеллектуалдык менчик жана аны коргоонун айланасында талкуу курду.

Патенттөөлөрдүн аз катталып жатканы илимий ишмердүүлүк аз жүрүп жатат дегенге да туура келбейт. Окумуштуулардын пикиринде Кыргызстанда ойлоп табуулар  кагаз түрүндө эле калууда. Бирок Кыргызпатент алдын алуу үчүн жыл сайын  “Мыкты инновациялык долбоор” конкурсун өткөрүп турат. Ал  сынак окумуштуулардын ойлоп табууларын өндүрүшкө ашырганга көмөк көрсөтөт.

Белгилей кетсек, интеллектуалдык менчик  бул кандайдыр бир ачылышка, ойлоп табууга, илим, адабият, искусство чыгармаларына ээлик кылуу.  Эл аралык практикада бул атаандаштыкка каршы коргоого алуу деп айтылат.

Интеллектуалдык менчик боюнча азыркы учурда 20дан ашуун макулдашуу бар. Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмуна мүчө. Менчиктин бул түрүнүн  укугунун сакталышын КРдин Мамлекеттик патент кызматы көзөмөлдөйт.

Берүүгө Кыргызпатенттин инновациялар башкармалыгынын башчысы Өскөнбай Козубаев жана физика-математика илимдеринин доктору, профессор Ысламидин Ташболотов катышты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.