«Инновациялык борбор» мамлекеттик мекемесинин жобосу бекитилди

Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Инновациялык борбор» мамлекеттик мекемесинин жобосу бекитилди. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Инновациялык борбордун ишинин максаты болуп тиешелүү инновациялык экосистеманы калыптандыруу үчүн Кыргызстанда инновациялык инфраструктураны өнүктүрүү жана илгерилетүү эсептелет.

Инновациялык борбордун милдеттери:

1) инновациялык долбоорлорду ишке ашырууну колдоо;

2) инновациялык, жаштар жана социалдык ишкердикти өнүктүрүү жана жайылтуу;

3) инновациялык долбоорлорду жана стартаптарды иштеп чыгуу жана коммерциялаштыруу үчүн тиешелүү инновациялык инфраструктураны өнүктүрүү;

4) балдардын жана жаштардын инновациялык ишмердүүлүк жаатында билим деңгээлин жогорулатуу боюнча окутуучу курстарды коштоо жана колдоо;

5) мамлекеттик патенттик жана илимий-техникалык маалымат фондун калыптандыруу жана пайдалануучулардын сурамдарын тейлөө.

Белгилей кетсек, Инновациялык борбор Өкмөткө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасынын укук улантуучусу болуп саналат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.