Индиялык кыз өз ата-энесин сотко берди

2016-жылдын март айында Индиянын эл топтолгон жолдорунун биринде байдын кызына үйлөнгөнү үчүн 22 жаштагы жигит өлтүрүлгөн. Учурда кол салуудан аман калган маркумдун аялы өзүнүн ата-энесин сотко берип, теңдик үчүн күрөшүп жатат.

Адамдардын бирин-бири өлтүрүүсү болуп эле келген көрүнүш. Бирок Түштүк Тамилнадда сүйүүсү үчүн күрөшкөн Шанкардын өлүмү Индияны эле эмес, бүткүл дүйнө элин таң калтырды.

Жубайлардын баш кошконуна 8 ай болгон. Айылда жашашчу. Жашоосунун акыркы күнү Шанкар жубайы Каусалья менен таңкы  саат тогуздарда туруп, автобус менен Удумалпет шаарчасындагы чакан базарга барышкан. Алар Шанкарга кийим сатып алышы керек эле. Анткени дүйшөмбү күнү ал биринчи жолу колледжге окууга бармак.

Керектүү кийим-кечесин сатып алышкан жубайлар кайра үйүнө жөнөшөт. Көчөнү кесип өтөөрдө, капыстан эле эки мотоцикл келип токтоп, бир топ эркектер түшөт да, колдорундагы бычактары менен Шанкарды сайып да, тээп да башташат.

“35-36 секунд өттү, ушул эле убакыттын ичинде күйөөмдү бычакташып, мени сабашкан мыкаачылар кайра мотоциклдерине олтуруп, кетип калышты,”- дейт Каусалья. Бир заматта эл чогулуп, тез жардам машинасы келип экөөбүздү тең салып кетти”, – дейт Каусалья.

“Башыңды мага жөлөп жатчы” – бул Шанкардын акыркы сөзү болду. Аялы күйөөсүнө жакындап, кучактап жатты. Бир аз убакыттан кийин тез жардам машинасы ооруканага кирип келди. Бирок  Шанкардын дем алуусу токтоп калган эле.

Хирургдар Шанкардын денесинен 34 бычактын изин табышкан. Ал эми Каусалья бети таңылган абалда, жаракат алган сөөктөрү калыбына келгенге чейин 20 күн ооруканада жатты.

Милиция кызматкерлери келгенде Каусалья күйөөсүнүн өлүмүнө өзүнүн эле ата-энеси күнөөлүү экендигин айтып, аларды кармап, абакка киргизишин өтүнгөн.

Шанкар – фермердин үй-бүлөсүнөн чыккан, жөнөкөй жигит болгон. Ал эми Каусальянын атасы колунда бар, таасирдүү 38 жаштагы бай киши эле. Алар Палани деген чакан шаарда жашашчу. Күйөө баласын өлтүрүп, кызынан тирүүлөй айрылуусуна коомдогу теңдиктин жоктугу себеп болду.

2014-жылы мектепти бүткөн Каусалья стюардесса болууга кызыгып, каалоосун ата-энесине билдирет. Бирок каршы болгон ата-энеси кызын өзү каалабаган эле колледжге киргизип коюшкан.

“Биринчи келгенде эле мага окуу жай жаккан жок. Ал жердеги чектөөлөр ушунчалык күч эле. Биз имараттын сыртына чыга алчу эмеспиз. Эркек балдарга сүйлөөгө катуу тыюу салынган. Окуу бөлмөсүндө болсо кыздар бир тарапка, балдар бир тарапка олтуруп, таптакыр сүйлөшчү эмеспиз. Эгер бир эле мугалим эркек адам менен сүйлөшүп жаткан кызды көрүп калса, анда бүттү, ата-энесин чакырып, ызы-чуу башталчу. Автобуста да кыздар менен эркектер эки тарапка бөлүнүп олтуруп кетчү элек. Анткени автобус окуу жайдыкы болчу. Кыскасы, өзүмдү эркин сезе алчу эмесмин.”

Жакпаган жерде окуп жүрүп Каусалья сүйүүсү Шанкарга жолугат. Алгач жөнөкөй жигитке анча көңүл бурбаганы менен кийинчерээк кыз да жактырып калган.

“Шанкар менин кыйналып жүрүп жеткен сүйүүм болчу. Экөөбүз жолугуша албагандыктан, телефон аркылуу эле сүйлөшүп, смс жазышчу элек. 18 ай бою кыялдарыбыз жана үмүттөрүбүз менен бөлүшүп жүрдүк. Ошол учурлар менин эң бактылуу мүнөттөрүм болгон экен. Анткени Шанкар тирүү болчу да, ал бул жашоодо жашачу,”- дейт Каусалья жолдошун эскерип жатып.

“Менин эки кыялым бар,”-деген Шанкар бир күнү.” Ата-энем үчүн төрт бөлмөлүү үй куруу жана сени түбөлүккө сүйүү.”

Сүйүшкөндөрдүн мамилесин билип калган кыздын ата-энеси кызынын телефонун алып, окуу жайдан чыгарып алышкан. Ыйлап жатып уктаган кыз эртең менен турса үйдө эч ким жок экен. Бекитилген жеринен телефонун таап, жигитине байланышат да, экөө качып кетет. Чиркөөгө барып нике кыйдырып жашап калышат.

Кыздын ата-энеси жана туугандары келип алып кетээрин, анын күйөөсүнүн деңгээли төмөн экендигин айтышат. Кызынын макул болбогондугун көргөн атасы баары бир Шанкарды өлтүрөөрүн жана кызын алып кетээрин айтып чыгып кеткен.

“Кийинки 8 айда биз өтө бактылуу жашадык. Окууну таптакыр таштадым да, сатуучу болуп иштей баштадым. Айлыгым 50 миң рупи эле.”

Ата-энеси менен туугандары бир канча жолу экөөнү ажыратканга аркет жасашып, милицияга кызды коркутуп жашап жатат деп Шанкардын үстүнөн арызданганга чейин барышты. Ал эле эмес, кызын таштап кетүү үчүн Шанкарга миллион рупи сунушташкан. Бирок сүйүшкөндөр бири-биринен баш тартышкан жок.

“Кырсык болоорго бир жума калганда атам келип, “эгер сага бир нерсе болсо, биз жооп бербейбиз,”- деп айтып кеткен.”

Милиция Каусальянын атасын жана беш жардамчысын жашынып жаткан жеринен кармап, камакка алган. Кармалган кылмышкерлер кызы менен күйөө баласын өлтүрүп берүү үчүн ар бирине 50 миң рупиден акча бергенин айтышкан. Алар өлүмгө өкүм кылынып, ал эми апасы акталып чыгат.

Шанкардын өлүмүнөн кийин бир канча убакыт өттү. Каусалья теңдик үчүн күрөшүүчүлөрдүн тобуна кошулган. Мурдагыдай чүнчүп, эркек көрсө, ары карап кетпей калды. Чачын кыска кыркып, чолок шым кийип, өзүн-өзү коргош үчүн каратэ менен машыга баштайт. Шанкардын кыялын орундатуу үчүн төрт бөлмөлүү үй салып жатат.

Күйөөсү өлгөндөн кийин дарыгерлер анын кол телефонун Каусальяга беришкен. Анда алардын чогуу жашагандагы көп бактылуу мүнөттөрү сакталып калган.  

Каусалья телефонду ачаары менен “Мен эмне дээримди билбей турам….. Сени аябай сагындым” деген смске көзү түшөт. Бул Шанкардын 2015-жылы жай мезгилинин бир кечинде жазганы экен.

“Мен дагы сагындым,” деп жооп берген сүйүктүүсү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.