Индия: 6 айлык наристедей көрүнгөн 22 жаштагы бала

Индияда 6 айлык наристедей көрүнгөн 22 жаштагы бала жашайт. Ал төрөлгөндө кадимки балдардай  эле дени сак болчу. Бирок 6 айлык болгондо анын бою өспөй жатканын байкашкан. Учурда бала 22 жашта. Ал өз алдынча туруп баса албайт жана сүйлөй албайт. Баланын кандай оору менен жабыркап жатканы ушул күнгө чейин белгисиз бойдон келүүдө.

Бир караганда бул кичинекей наристе көрүнөт. Бирок бирааз өзгөчөлүктөр байкалат.  Бул индиялык баланын аты Манприту Сингху. Ал 22 жашта.

Манприту 6 айлыгына чейин кадимки эле дени сак балдардай өсүп жетилген. Бирок андан ары боюнун, акыл-эсинин өсүүсү токтоп калган. Учурда өз алдынча туруп баса албайт. Ошондой эле, жакшы сүйлөй да албайт.

Баланын бою 58 сантиметр, ал эми салмагы 7 килограмм.

Маджит Каур, Манпритунун апасы:

Уулум 10-айга өтүп анан төрөлгөн. 6 айдан кийин биз анын сүйлөй албашын байкап калдык. Көптөгөн дарыгерлерге көрсөткөнбүз. Бирок эч кимиси баламдын оорусун таба алышкан жок.

Манпритунун 2 кичинекей бир тууганы бар. Алар кадимки балдардай эле чоңоюп жатышат.

Ал эми Манпритуга эч бир дарыгер так диагноз коё албай келет. Айрымдары анын калкан бездеринде сейрек кездешүүчү оорулары бар болушу мүмкүн деп айтышкан.

 Хемрадж, дарыгер:

Бул баланы бизге көп жылдардан бери алып келип турушат. Ал төрөлгөндөн тарта өспөй калгандыктан, анын ата-энесине чоңураак ооруканага алып барууну сунуштаганбыз.

Ал эми Манприту жашаган Пенжап штатынын тургундары, бул Кудайдын берген бир белгиси деп кабыл алышат. Алар кээде баланын астына келип сыйынып, бата алып да кетишет. Жашоочулар тилегибиз орундалат деп ишенишет.

Дарыгерлер наристенин көрүнүшүндө калып кеткен мындай учурлар медицинада сейрек кездешет деп айтышууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.