Ийгиликке жетиш үчүн майыптык тоскоол боло албаганын далилдеген Инават Чопошова

Жумуш учурунда оң колун станокко кестирип алган Инават Чопошованын сол колу гана кыймылга келет. Сүйлөө жана угуу мүмкүнчүлүгүнөн да ажыраган аял майыптыгына карабай, спортту сүйүп, шахмат жана теннис дегенде жан-дилин берүүгө даяр. 2001-жылдан тарта Эл аралык мелдештерде күчүн сынап көрүү максатында белин бекем бууп аракеттене баштайт. 2005-жылы Италиянын Венеция шаарында өткөн Майыптар ассоциациясынын олимпиадасында 48 өлкөнүн арасынан 5-орунду ээлеген.

“Мен  биринчи жолу 10 жашымдан баштап шахмат менен алектене баштагам. Мектепте окуп жүргөндө  эле сабактардан тышкары спорттун бул түрүно кызыгып, ийримдерге катышчу элем. Биз, майыптар,башка иш кыла албайбыз. Эгер мамлекет колдоо көрсөтүп турса, спорттук мелдештерге катышат элек. Спорт- биз үчүн жашоонун маңызы болмок,”-  дейт Инават айым.

2008-жылы Швецияда өткөн шахматисттер арасында 7-орунду, Португалияда болгон эл аралык беттеште 6-орунду, ошондой эле быйыл сентябрь айында Бишкекте өткөн мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасындагы шахмат боюнча Азия чемпионатында да 5-орунду алганын айтат. Учурда Англияга жолдомо күтүп жатат.

Инават айымдын кызы апасынын майып экендигине карабай ийгиликтерге жетишип жаткандыгына сыймыктанаарын айтып, мамлекет тарабынан көбүрөөк колдоо болсо, Кыргызстандын атынан көп мелдештерге катышса апамын маанайы көтөрүлүп, жакшы жүрмөк дейт.

Инават Чопошова 55 жашта, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Бирлешкен айылында туулган. Жалгыз бой эне, бир кызы жана үч небереси менен ижарада турушат. Спорт менен алектенгенден сырткары дүлөйлөр жана дудуктар мектебинде эмгектенип келет. Материалдык жактан колдоого муктаж. Мамлекеттен 3500 сом пенсия жана иштеген мектептен 1500 сом айлык алат. Алган акчасынын баарын дары-дармекке гана жетет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.