ИИМ: Журналисттерге каршы жашыруун жаздырылган видео боюнча иликтөө жүрөт

Ички иштер министрлиги журналисттерге каршы жашыруун жаздырылган, каралаган видеолорду тараткандарды иликтейт. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев “Азаттык” радиосуна билдирди.

“Иликтөөчү журналист Болот Темиров жана аны менен чогуу иштегендер тууралуу социалдык тармакта жашыруун жаздырылган, каралаган аудио, видеолор боюнча кайрылуулар болсо иликтенет”, – деди Аширходжаев.

Министрдин орун басары иликтөөчү журналист Болот Темировду шектүү катары кармоо жараяны жана анын кармалышы боюнча иш да иликтенип жатканын да кошумчалады.


Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.