ИИМ: Тамеки тартып жүргөн жаш өспүрүмдөр кармалды

Баткен облусунун Кадамжай районунда эки мектеп окуучусунун тамеки тартып жүргөндүгү аныкталды. Бул туурасында Баткен ОИИБнын маалымат кызматы билдирди.

Кадамжай районунун аймагында балдар иштери боюнча инспекциясынын кызматкерлери жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча “Лидер” аттуу иш-чара өткөрдү.

Үч күнгө созулган иш-чаранын алкагында саат 22.00дөн кийин ата-энесинин коштоосу жок  түнкүсүн көчөдө  жүргөн 7 бала аныкталып, 2 мектеп окуучусунун тамеки тарткандыгы белгилүү болду. Аларга “Укук бузуулар” жөнүндө кодексинин негизинде протоколдор толтурулду.

Ошондой эле мурда катталган 2 уурулуктун бети ачылды. 2022-жылдын 8-февралынан бери дайынсыз болуп жаткан 13 жаштагы А.И. Ош облусунун Ноокат районунан табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.