ИИМ: Ишкерлерди коркутуп, ири суммадагы акча талап кылып жүргөндөр аныкталды

Ички иштер министрлиги ишкерлерди коркутуу жолу менен ири суммадагы акча каражатын опузалап талап кылып жүргөндөрдү аныктады. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ички иштер органдарына ишкер кайрылып, опузалап талап кылып жаткан жарандарга карата чара көрүүнү суранган. Алгачкы териштирүүдө чала тааныш адам өзүн криминалдык авторитет катары тааныштырып, коркутуу жолу менен опузалап келгендиги аныкталды.

Ишкер товарларды ташып жеткирүү менен алектенип жүргөн. Криминалдык элементтер ишкерге ар дайым чалып, акча каражатып опузалап талап кылып, андан соң ири суммадагы акчаларын алып кетип жүрүшкөн.

Коркутуу жана опузалап талап кылуу фактысына тиешеси бар жарандын өздүгү такталып, ал Нарын облусунун тургуну 1986-жылы туулган О.Ж. болуп чыкты. Ал Жазаларды аткаруу кызматынын мекемелеринин биринде жазасын өтөп жатат.

Ал мурда бир нече жолу соттолгон. Андан сырткары, ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүрүшүндө шектүүнүн шакиртинин өздүгү дагы такталып кармалган.

Иликтөө иштери уланууда. 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.